Коопсуздук куру жол кырсыктары учурунда адамдын өмүрүн сактап калат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 1-октябрынан тарта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жолдорго орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) автоунааларда коопсуздук курун такпаган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү фото жана видео аркылуу автоматтык түрдө каттай баштады.
Байказы Айтикул уулу мындай чаралар жол коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу жана эрежени бузуунун алдын алуу максатын көздөөрүн белгиледи.
Ошондой эле ал жарандар арасында көп берилген суроолордун бири боюнча түшүндүрмө берди:
«Эгер айдоочу да, жүргүнчү да коопсуздук курун такпаса, айып пул экөөнө тең салынабы?»
Муну Айтикул уулу төмөнкүчө түшүндүрдү:
«Жок, айып пул бир гана айдоочуга салынат. Тиешелүү токтом унаа кимдин наамында катталган болсо, ошол ээсинин дарегине жөнөтүлөт. Айып пулдун өлчөмү – 1000 сом. Бирок эгерде жаран айып пулду бир ай ичинде төлөсө, 70% жеңилдик берилет — сумма 300 сомго чейин төмөндөйт», — деди ал.
Ошондой эле ал бул чаранын максаты жарандарды жазалоо эмес экенин баса белгиледи.
«Негизги максат – айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүн, саламаттыгын коргоо. Себеби жол кырсыгы болгон учурда коопсуздук куру оор жаракаттардан жана адам өлүмүнөн сактап калышы мүмкүн», — деп кошумчалады.