Кундузбек Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотолду
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Боршайкомдон билдиришкендей, Сулаймановдун ырастамасы жараксыз деп таанылат.