Курулуп жаткан үйдүн 8-кабатынан адам кулап, каза болду

Бишкекте курулуп жаткан объектеги 8-кабаттан адам кулап, каза болду. Бул тууралуу Октябрь районунун милициясы билдирди.

Окуя 8-февралда болгон. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Милиция кызматкерлери маркум 1983-жылы туулган Н.С. аттуу жаран болгонун аныкташты. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн керектүү экспертиза дайындалды.

Мамлекеттик курулуш агенттиги маркум Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Аалам Стройдун» объектисинен кулаганын тастыктады.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Аалам Строй» ЖЧКсынын негиздөөчүсү — Исаков Уланбек Абыласович, жетекчиси Ниязбек Үсөнович.

11 Февраль 2025 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча