Курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугу текшериле баштады

Курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин тескемесин аткаруу максатында курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан төмөнкү курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү:

— Орто-Сай айылы, контур 5 дарегиндеги «Авангард сити» көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, «Авангард Стиль» ЖЧКсы;

— Токомбаев көчөсү, 15/2 дарегиндеги «Елисей талаалары» жер астындагы автопаркинги менен турак жай комплекси,»Авангард Стиль» ЖЧКсы;

— Токомбаев көчөсү, №15 дарегиндеги өз аймагында жер астындагы автопаркинги менен 14-кабаттуу турак жай комплекси, «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы.

«Комиссия шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун, ошондой эле курулуш объекттеринде бетондун бекемдигин жана арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугун текшерди», — деп айтылат маалыматта.

КР министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жумуш аяктагандан кийин үч айлык мөөнөттө берилет.

23 Май 2023 жыл 14:22

Тема боюнча