Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу 115 машина кезегин күтүп турат

Кыргыз-казак чек арасындагы кыргыз тараптагы “Ак-Тилек” жана казак тараптагы “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу автомашиналардын топтолуусу дагы эле бар экенин бүгүн 18-сентябрда “Азаттыкка” Чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта “Ак-Тилекте” 115 машина кезегин күтүп турат. Дагы ондогон машина Кыргызстан тарапка өтүү үчүн “Карасууда” турат.

Машиналарды өткөрүүдө эч кандай тоскоолдук жок экени, 18-сентябрга караган түнү казак тарапка 284 машина өткөнү, бул жакшы ылдамдык экени, тыгындын пайда болушуна сезондук жүк ташуу гана себеп болуп жатканы белгиленди.

15-сентябрда Чек ара кызматы “Ак-Тилекте” 140, “Карасууда” 40 автоунаа кезек күтүп турганын кабарлап, “Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу болууда. Айрыкча айыл чарба азык-түлүгүнүн Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолушу себеп болот. Транспорт каражаттарынын топтолуусу циклдик мүнөзгө ээ”, — деп билдирген.

18 Сентябрь 2023 жыл 14:04

Тема боюнча