“Кыргызфармация” ишканасынын ишин текшерүүгө атайын комиссия түзүлөт

 “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө барганда билдиргенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен маалымдашкандай, Каныбек Досмамбетов айрыкча балдар үчүн өмүргө зарыл болгон препараттарга карата сатып алуулар системасында үзгүлтүктөргө, ачык эместикке жана натыйжасыз механизмдерге жол берилбеши керектигин айткан.

Ушуга байланыштуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, ошондой эле “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн комплекстүү кароо үчүн комиссия түзүлөрун белгиледи.

Лосмамбетовдун айтымында, комиссия учурдагы процедураларды талдап, көйгөйлөрдү аныктап, дары-дармек менен камсыздоо системасында натыйжалуулукту, ачыктыкты жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

17 Декабрь 2025 жыл 9:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча