Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын биринчи айымдары театрга барышты (сүрөт)

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова КЭР төрагасынын жубайы Пэн Лиюань жана Өзбекстандын президентинин жубайы Зироатхон Хошимова менен биргеликте Сиань шаарындагы «Ису» (Шэньси операсы) театрына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мамлекет башчыларынын коштоосунда барган Кыргызстандын жана Өзбекстандын биринчи айымдарына Кытайга мамлекеттик сапардын алкагында маданий программа уюштурулган.

Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү бар, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана кытай музыкалык аспаптарында ойноо.

Бул театр Сиянда элдер эң көп барган таанымал маданий жайлардын бири.

Биринчи айымдар Айгүл Жапарова, Пэн Лиюань жана Зироатхон Хошимованын жолугушуусу жылуу жана достук маанайда өттү.

Жогорку даражалуу меймандар чоң кызыгуу менен театрдын экспозициясы менен таанышып, куурчак театрынын, ошондой эле балдар бий топторунун чыгармачылыгын көрүштү.

Ошол эле жерде Айгүл Жапарова Кытайдын жана Өзбекстандын биринчи айымдары менен биргеликте Цинь операсынын үзүндүсүн көрдү.

20 Май 2023 жыл 11:45

Тема боюнча