Кыргызстан Японияда туризм боюнча коомдук өкүлүн дайындады

Кейго Йошида Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Япониядагы коомдук өкүлү болуп дайындалды. Ага «Кыргыз Республикасынын Туризм боюнча элчиси» макамы ыйгарылды.

Кейго Йошида агенттиктин Япониядагы коомдук өкүлү катары Кыргызстандын туристтик потенциалын Японияда жана эл аралык аренада жайылтууга көмөктөшөт.

Анын милдеттерине ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү, туризм тармагына инвестиция тартуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы туристтик жана ишкердик байланыштарды чыңдоо кирет

28 Сентябрь 2026 жыл 9:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча