Министрлер кабинети Кыргызстандын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн киргизүү маселелери боюнча токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул документ менен Кыргызстандын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү жана 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилди. 2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүү бул айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлө тургандыгы белгиленди.
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси Кыргызстандын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн персонификациялоого ыйгарым укуктуу. Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерди Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн киргизилиши тууралуу маалымдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.