Мадагаскарда мекенинде издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Милициядан билдиришкендей, ИИМдин Интерпол улуттук бюросунун Башкы прокуратура менен биргелешкен ишинин натыйжасында Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилди.
Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Ошентип, амлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 млн доллар өлчөмүндө зыян келтирген.