Кыргызстандан 700 студент Орусиядагы ЖОЖдо билим алууга кабыл алуу башталды

Россиянын жогорку окуу жайларына 2025/26-окуу жылына карата документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору («Русский дом») билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу Россия өкмөтүнүн квотасынын алкагында өтүп, абитуриенттер үчүн акысыз. Кыргыз жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алат.

Документтер 2025-жылдын 15-январына чейин сайтында кабыл алынат.

«Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын ЖОЖдорунан 700 квота бөлүндү. Бюджетке тапшыруу, ЖОЖдордогу билим берүү программалары, профессионалдык өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана Россиядагы студенттик жашоо тууралуу 14-15-октябрда Жусуп Баласагын атындагы КУУда өтө турган орус-кыргыз билим форумунун алкагындагы билим берүү көргөзмөсүнөн кеңеш алууга болот. Кирүү акысыз», — деп айтылат маалыматта.

Тандоонун биринчиси Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен болсо, экинчиси Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен өтөрү кошумчаланды.

10 Октябрь 2024 жыл 9:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча