Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясовдун маалыматында, президенттин 22-майда чыккан №164 жарлыгына ылайык, өлкө аймагында жүргөн, иштеп жаткан чет элдик жарандардын документтери, ишке уруксат кагазынын бар же жогун аныктоо иштери жүргөн.
Анын жыйынтыгында 10-июндан ушул күнгө чейин Кыргызстандан 922 чет элдик депортацияланды.
240 чет элдик жаран депортациясын күтүп, мурдагы «Ганси» борборунун аймагында кармалып турат. Алардын 157и Бангладештин, 80и Пакистандын, экөө Индиянын жана дагы бирөө Египеттин жараны.
«Булар Кыргызстандан кетердин алдында «чыгуу визасын» алышы керек, анткени алар Кыргызстанда көп убакыт мыйзамсыз, эч кандай уруксат документтери жок жүргөн. Азыр алардын тиешелүү документтери жөнгө салынып жатат, бүтөрү менен өз өлкөлөрүнө чыгарылат. Бул иштер дагы уланат», — деп билдирди Алиясов.