Кыргызстандын чек ара аймактарында жер титирөө катталды

  10-июлга караган түнү саат 01:59да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, атап айтканда Талас облусунда 4,3 баллдык жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, аталган зилзала Көк-Сай, Кайнар, Арчагүл жана Шекер айылдарында болжол менен 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле күн мурун 20:45те Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында 3,4 баллдык дагы бир жер титирөө катталып, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

10 Июль 2026 жыл 15:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча