Кышкы эс алуу. 1-класстарга эки жума кошумча каникул берилет

Декабрда биринчи класстарга 2 жума кошумча каникул берилет. Бул тууралуу агенттикке Агартуу министрлигинен билдиришти.

12 жылдык окутуудагы 1-класста окуган 6 жаштагы балдар үчүн каникул 2025-жылдын 24-декабрынан 2026-жылдын 18-январына чейин узартылат.

Калган класстардын кышкы каникулу мурдагыдай эле 31-декабрдан 11-январга чейин созулат. Алардын сабактары ​​2026-жылдын 12-январында башталат.

Ошондой эле 2025-2026-окуу жылына карата башка каникулдар дагы бекитилди:

  • жазгы каникул – 6-8-март;
  • май майрамдары – 1-10-май.
1 Декабрь 2025 жыл 17:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча