Журналист Эрнист Кыязов өзүнүн социалдык баракчасына тууну өзгөртүү боюнча пикирин жазды.
«Туу боюнча төрт ооз сөз айтып коюуга раакым эткиле…
1). Азыр ким «жүр эй Нурсултан шаарына барып келели?»-деп айтат. Эч ким. Анткени Назарбаев азуусун айга жанып турган кезде «Астананы Нурсултан кылып өзгөртүү» демилгеси — элдин жүрөгүнүн тереңинен чыккан өтүнүч жалыныч, сураныч болгон эмес. Ал ниет бүт бийликти колунда мыкчып турган Назакенин купуя, жеке каалоосу болгон. Кошоматчылары, кол жоолук партиясы, кол жоолук парламенти, кол жоолук бийлик бутактары, эл ичиндеги дүжүр чалдары, дүжүр балдары тек «ушуга теңелбейин» деп; «теңелсем ишимде проблема болот; кызматымда проблема болот, бизнесимде проблема болот» дешип; үстүдөн түшкөн демилгени «кош колдоп толугу менен колдойбуз!» дегенге аргасыз болушкан.
2). Мейли бирөөгө эң кооз күн көрүнөбү же күн карама көрүнөбү КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН өзгөртүү калктын жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан эңсөө эмес. «Ушул эң биринчи жасачу иш, башкасын коюп,ишти желектен баштап, ушуну сөзсүз чечип бериңиз..»деп эл жалбарып суранган номур биринчи өтүнүч эмес эле. Бул бир адамдын каалоосу, ниети. Чындап колдогондор — азчылык. А колдомуш эткендер — келесоолор деле эмес; кырдаалга жараша макул болуп, «..эми ушуларга теңелбейличи, талашпайлычы, ишибизде, бизнесибизде, кызматыбызда проблема болбосун» дегендер гана.
3). Азыр кыргыз бийлигинин «токмогу» күчүндө турган маалы. Кандай гана кийиз казык болбосун, ура электе эле, айттырбай өздөрү эле билип, шыпылдап жерге кирип турган кез. Кокус эртең президент «мен албетте желек боюнча өз пикиримде кала берем, бирок көпчүлүк эл башка пикирде экен, мени эл шайлаган, демек элди угам, ошого милдеттүүмүн» деп желек өзгөрүлбөй кала берчү болсо: «эл шайлады» демиш эткен парламент депутаттары; «эл ичинен келди» делинген курултайчылар, элдик дүжүрлөр дароо 180 градуска өзгөрүп » эң туура кылды, көсөмдүк кылды, желектин чыныгы маанисин түшүнөт экен» деп, («желек өзгөрүшү керек» деп мурдакы көшөргөндөрүн унутуп), ошондо да сыр бербей ажону алкап-мактап тураарында шек жок.
4). Желек маселесинде бийлик «айтканым айткан, дегеним деген» принцибине туруп алса; албетте бул эле эмес, алдыда далай ташбакалар асманда «уча» берет. Бирок калктын назары билинбей сынып-сынып олтуруп, ал кыжырлуу энергия акыр бир күн ошол бийликтин өзүнүн белин заматта бүктөп сындыраарын биздеги тарых көп ирет далилдеген. Мына ошондо да баягы ар бийлик алмашкан сайын дароо жаңы бийликтин чачпагын көтөрүп ураалачулар бели сынган эски бийликтин үстүнө шырылдата сийип «биз ошондо эле бул акмактардын акмактыгын билгенбиз, акмак режимди кулаткан акмак эмес жаңы, таза бийликке да-ааңк!» дешип; трибунадагы лидерлердин микрофонун түздөп, аларды элден гана эмес, а түгүл ысык тийген күндөн, жамгырдан, мөндүрдөн кызганып,.. эч кимди жолотпой кол чатыр менен калкалап турат болуш керек.. Так ошол «абыке-көбөштөр» азыркы бийликтин желек-реформасын дуулдатып үйлөп, элдин назарын билинбей кордошууда. Бийликтин эл үчүн кылган анча-мынча жакшы иштери болуп аткансыган пиары катуу жүрдү эле; так ушул желек «өкүмзордугу» ал пиардын ышпалдасын чыгарганы калды. Эми алдыда бийлик кандай тоолорду томкорбосун, желек маселесинде назарды сындырган эгоисттик жоругу элдин эсине конгуроо болуп кагылып тура берет. Ал кыжырлуу унчукпоо — динамит сыяктуу. Тымтырс тура берет. Жарылчу мөөнөтүн күтүп…».-деп жазат Кыязов,