Аким Карасаевдин жаңы тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө сүйлөшкөн кызы колун сурады. Ал тизелеп отуруп, жигитинин макулдугун алгандан кийин гүл берди.
Муну көргөндөр кубаттап, социалдык тармактарда “сүйүүдө эреже жок, бактылуу болгула” деп жатышат.
Ошол эле учурда каршы болгондор дагы бар. «Жигиттер эми колуңарды сураса макул болуп, ала качса отуруп алгыла!»,-деп жактырбай жаткандар бар
Аким Карасаев өзү бул ал үчүн күтүүсүз болгонун айтып, пранк эмес деп жооп берди.
Ал эми социалдык тармакта окуя кызуу талкууга алына баштады.