Лавров Украинага тынчтык орнотуу тууралуу пикирин билдирди

Украинага тынчтык орнотуучулар контингентин киргизүү киев режиминин калдыгын сактап калуу далалаты сымал кабыл алынат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглу менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, уюмдун жетекчиси Синирлиоглу Москвага келген. Бул ЕККУнун жогорку кызматтагы өкүлүнүн 3,5 жылдан берки биринчи сапары болуп саналат.

«Тынчтык орнотуучулар эмнени кайтарат? Орус маданиятын, тилин, ЖМКларын, Украинанын православ чиркөөсүн жок кыла турчу мыйзамдарды кабыл алган киев режиминин калган-катканынбы? Же биринчи ошол эле киев режиминин расисттик ишин токтотууга аракет көрөбүзбү? Талдап чыгуу зарыл, болбосо тынчтык орнотуучуларды жайгаштыруу аркылуу киев режимин элдин каарынан сактап калуу аракети сымал кабылданат», — деди Лавров.

Министр ЕККУнун баш катчысы менен украин чырын чечүү жолдорун да талкуулаганын белгиледи. Анын айтымында, Россия Украина боюнча АКШ жана жардам берүүгө даяр башка тараптар менен сүйлөшүүгө даяр.

Анткен менен Лавров ЕККУну кырдаалды жөнгө салууга тартуу каралбаганына токтолуп, процесс өзү дээрлик баштала электигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, январда Telegraph өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Улуу Британия жана Франция лидерлери согуш бүткөндөн кийин Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүүнү жашыруун талкуулашканын жазган.

Ага чейин Россиянын Тышкы чалгын кызматы Батыш Украина Куралдуу күчтөрүнүн согушууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн 100 миң кишиден турган тынчтык орнотуучу контингентин жайгаштырууну пландап жатканын кабарлаган. Аталган кызмат бул республиканын оккупацияланышына тете деген пикирде.

Өз кезегинде РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тынчтык орнотуучуларды тирешип жаткан эки тараптын макулдугу менен гана жайгаштыруу мүмкүн экенин эскерткен. Анын айтымында, азырынча бул тууралуу кеп кылууга эрте.

12 Март 2025 жыл 6:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча