Лейлек районундагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында 100 гектарды камтыган күн электр станциясынын курулушу башталды.
Парламенттен билдиришкендей, курулушту Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеванын демилгелеген.
Иш-чарага катышкан эл өкүлү аталган долбоор райондун энергетикалык потенциалын арттырууга жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошорун белгилеп, жаштар үчүн 1500дөй жаңы жумуш оруну түзүлөрүн билдирди.
Мындан тышкары күн панелдеринин астындагы жерлер да пайдаланылып, анда экологиялык жактан таза кулпунай, чычырканак, малина, карагат сыяктуу мөмө-жемиштерди өстүрүү пландаштырылганын айткан Миргүл Темирбаева бул нерсе райондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга да чоң салым кошорун кабарлады.
«Мындай масштабдуу долбоордун чек арага жакын аймакта ишке ашырылышы туруктуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Бул демилге жашыл энергетиканы өнүктүрүү аркылуу Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирүү багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат», — деди депутат.