Ленин округунан кайра шайлоого 5 талапкер катышуу ниетин билдирди

Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен беш талапкерден арыз түштү.

Төмөнкү жарандар азыр берген:

  • 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
  • 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
  • 62 жаштагы «Партия Зеленых Кыргызстана» СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
  • 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович;
  • 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай.

Белгилей кетсек, аталган талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

17 Июль 2023 жыл 10:05

Тема боюнча