Литванын көз карандысыздыгынын калыбына келтирилишине 35 жылдыгы белгиленди

Бишкекте Литва Республикасынын көз карандысыздыгынын калыбына келтирилишинин 35 жылдыгына арналган кабыл алуу жана көргөзмө болуп өттү. Иш-чарага Литва Республикасынын Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эгидиюс Навикас, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер жана Экономика министрлеринин орун басарлары катышты.

Салтанатка дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана башка расмий коноктор чакырылып, Литванын эгемендиги жана эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз козголду.

Белгилей кетсек, иш-чаранын уюштурулушуна Литванын Бишкектеги ардактуу консулу Жаныбек Мырзабаев чоң салым кошту.

14 Март 2025 жыл 18:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча