Өлкө аймагында сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июндан 22-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

20 Июнь 2023 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча