Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева «Кабар» агенттигинин түз эфиринде учурда Кыргызстанда канча шайлоочу бар экенин билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын сентябрь айына карата шайлоочулардын саны 4 млн 237 миң адамды түзөт.
«Бизде 30 округ болот. Ар бир округга болжол менен 140 миңден шайлоочу туура келет. Бирок, бир округда 140 миң шайлоочу, ал эми экинчисинде 150-165 миң шайлоочу болушу мүмкүн.
Башкача айтканда, болжол менен 20 пайыз айырмачылык болот. Мунун баары мыйзамдын чегинде жана Конституциялык мыйзамда мындай айырмачылыкка жол берилери жазылган», — деп белгиледи БШКнын төрайымынын орун басары.
Эскерте кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттары өзүн-өзү тараткан. Маалым болгондой, кийинки парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтөт.