Махмудов жана Шаршенбеков баштаган балбандар Бишкекке кайтып келди (сүрөт)

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алган кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандар Бишкекке кайтып келди. Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да мекенге кайтты.

Алар отурган учак 26-сентябрдын таңында «Манас» эл аралык аба майданына конду.

Чемпиондорду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Анда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байге жеңди.

26 Сентябрь 2023 жыл 11:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча