Мамкурулуш Айтматов районуна жаңы заманбап аллея курат

Мамкурулуш агенттигини Айтматов районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Айтматов районуна караштуу Кызыл – Адыр айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жаңы аллеянын эскиздик долбоорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган айылдын борбордук бөлүгүндө тротуарлар дагы реконструкцияланат.

Курула турчу аллея үчүн Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан акча каражат бөлүнүп, сметалык наркы 6,9 млн сомду түздү.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында жаңы аллеянын курулушун аяктоо пландалууда.

27 Февраль 2024 жыл 10:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча