22-мартта болжол менен саат 14:47де Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Ак-Ордо конушунда белгисиз адам мамлекеттик тууга таштанды ороп, таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1982-жылы туулган жарандын өздүгү такталып, ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Териштирүүнүн жүрүшүндө, бул жарандын психикалык көйгөйлөрү бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу тиешелүү медициналык документтерди анын атасы, 1962-жылы туулган жаран тастыктаган.
Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин 450-беренесине (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун мазактоо) ылайык мыйзамдуу өкүлүнө карата протокол түзүлүп, 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды.