Матраимовдор Бакудан кармалып Бишкекке алып келинди

Райым жана Тилек Матраимовдор Бакудан кармалып, Бишкекке алып келинди. Бул туурасында маалымат булактар билдирди.

Райымбек Матраимовду өкмөттүк учак менен мекенине алып келишкен. Аны менен кошо «Ошгаз» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Тилек Матраимовду да алып келишкен.

Экс-бажычыга январда издөө жарыяланган. Ал эми бир тууган иниси Тилек Кара-Суу районунда көп жыл аким болуп иштеген.

26 Март 2024 жыл 20:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча