МБАНК Кыргызстанда санариптик бурулуш жасады – онлайн электрондук кол тамга алуу!

Кыргызстанда биринчи жолу MBANK Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине @digital.gov.kg караштуу «Инфоком» @infocom_kg мамлекеттик ишканасы менен биргеликте санариптик бурулуш жасады – бардык кыргызстандыктар үчүн электрондук санариптик кол тамганы онлайн алуу!

КР жарандары электрондук кол тамгасын алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барууга жана узун кезекке турууга милдеттүү болбой калышты. Эми бул процессти MBANK мобилдик тиркемесинин жардамы менен ыңгайлуу убакта ишке ашырууга болот.

Электрондук санарип кол тамга (ЭСКТ) кол жазма кол тамганын аналогу, бирок электрондук форматта. Анын юридикалык күчү кагаздагы кадимки кол коюуга барабар. ЭСКТнын жардамы менен сиз бир катар мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта ала аласыз:

  • Соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу;
  • Мамлекеттик жардам боюнча төлөмдөрдү салыштыруу;
  • Салык кызматына отчетторду берүүгө;
  • Салык төлөөчүнүн маалыматтарын билүү;
  • Пенсиянын абалын текшерүү;
  • Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жана башка мамлекеттик кызматтар жөнүндө маалымат алууга.

Кызмат толугу менен акысыз көрсөтүлөт!

MBANK бул инструментти бардыгына жеткиликтүү кылат, бул Кыргызстанды дагы да көбүрөөк санариптештирүүгө өбөлгө түзөт!

MBANK — Биринчи санарип!

20 Сентябрь 2023 жыл 17:17

Тема боюнча