Мээрим Жуманазарова Олимпиадада медаль албай калган спортчуларды капаланбоого чакырды

«Бул менин эле эмес, жалпы кыргыз элимдин жеңиши. Барыңыздарды жеңишибиз менен куттуктайм»,- деди Париж Олимпиадасында коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова.

«Учурдан пайланып машыктыруучуларга, дарыгерлерге, федерацияга, ата-энеме ыраазычылык билдирем. Ошондой эле бизди колдогон президентке рахмат. Медаль албай калган спортчулар кейибегиле, Кудайдын кийинки Олимпиадага пландары бардыр. Баарыбыздын жолубуз ачык болсун»,- деди ал.

13 Август 2024 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча