Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасынын (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) жетекчиси алмашты. Нурлан Мамытов кызматтан алынып, ордуна 8-сентябрда Айбек Күрөңкеев дайындалды. Жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды.
39 жаштагы Күрөңкеев буга чейин бир катар жеке компанияларда жетекчи болгон. Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору кызматын аркалаган.
Быйыл июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги “Альфа Телеком” ишканасын 14,6 миллиард сомго баалап, сатыкка чыгарган. Арыздарды кабыл алуу 4-июлда башталган, 2-октябрда аяктайт.
Өткөн жылдын аягында «Альфа Телекомду» сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Анда «Мега» мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган.