Мектепте 7 жашар баласын сабаган жаран кармалды

Бишкек шаарында 7 жашар баланы сабаган жаран кармалды.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-апрелде милиция кызматкерлерине Б.А. аттуу аял кайрылган. Анын айтымында, саат 16:00 чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде окуучулардын биринин атасы 2016-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабап салган.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган К.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

14 Апрель 2024 жыл 16:45

Тема боюнча