Мектептердеги зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Президенттик администрацияда мектеп рэкетчилиги, бейбаштык жана балдар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөргө байланыштуу кеңешме 17-февралда өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөрүп, ага аймактардагы бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мамлекеттик органдар катышты.

Байсалов маселени комплекстүү чечүү керек экенин белгилеп, жер-жерлерде жыйындарды өткөрүүнү жана алдын алуу иш-чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Соңку апталарда Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар катталды.

18 Февраль 2025 жыл 12:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча