Мектептерге тармактык окутуу киргизүү каралууда

Бүгүн мектептерге тармактык (профилдик) окутууну киргизүүнү камсыз кылууга багытталган жобону жана башка тиешелүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жыйын министр Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги астында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топ тармактык окутуунун моделин ишке ашырууда эл аралык жана өлкөлүк тажрыйбада колдонулуп жаткан профилдештирүүнүн негизги багыттарын, аны уюштуруунун негизги формаларын карашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева тармактык окутууну киргизүү окуучулардын жөндөмдөрүн жана кесиптик кызыкчылыктарын эске алууга, ошондой эле эмгек рыногунда талап кылынган адистешкен ашпозчу, электрик сыяктуу жумушчу кесиптерге багытталган кадрларды даярдоого шарт түзөрүн белгиледи.

Маалымат үчүн: Тармактык окутуу — окуучулардын жөндөмдөрүн, кесиптик кызыгууларын жана умтулууларын, ошондой эле эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алуу менен билим берүү процессинин мазмунун, түзүмүн жана уюштурулушун өзгөртүү аркылуу окутууну жекелештирүүгө жана дифференциациялоого багытталган билим берүү модели.

Мектептик билим берүү программасы базалык жана профилдик эки бөлүктөн турат. Базалык бөлүк бардык окуучулар үчүн милдеттүү болгон жалпы билим берүү предметтерин камтыйт. Профилдик бөлүк болсо окуучулардын келечекте тандаган кесибине ылайык дисциплиналарды тереңдетип окуп-үйрөнүүсүнө багытталат.

Мисалы, Казакстанда тармактык окутуу жалпы билим берүү мектептеринин 10-11-класстарында ишке ашырылып, 8-9-класстарда профилге чейинки даярдык жүргүзүлөт.

16 Декабрь 2025 жыл 16:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча