Мэрия жол кире төлөбөгөндөргө айып салынарын эскертет

Бишкекте коомдук унаага түшкөн жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөп-төлөбөгөнү текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Текшерүү Транспорт жана жол-транспорт инфрастүзүмүн өнүктүрүү департаментинин, «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын, милиция кызматкерлери жана «Тулпар» картасынын адистери тарабынан жүргүзүлүүдө. Эгер жүргүнчү жол кирени төлөбөгөнү аныкталса, ал айыпка жыгылат.

Укук бузуулар кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө 1 миң сом айып салынат.

Мэрия жарандардан жол кирени карта же QR-код аркылуу төлөөнү өтүнөт. Накталай төлөгөн учурда талонду алууну унутпоону эскертет.

27 Февраль 2025 жыл 9:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча