Москва районунда тоок фабрикасы ачылды

Москва районунун Садовое айылында заманбап тоок фабрикасы ишке кирди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жаңы ишкананын ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өлкө боюнча жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүүгө арналган иш-чаранын алкагында өттү.

Долбоорду ишке ашырууга 450 млн сом инвестиция тартылып, ишканада 145 жаңы жумуш орду түзүлдү. Заманбап өндүрүш ишканасынын ишке кириши аймактагы айыл чарба жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарт түзөт.

Мындан тышкары, мындай долбоорлордун ишке ашырылышы ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, агроөнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыздоого өбөлгө берет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдойт.

14 Сентябрь 2026 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча