
Москва шаарында Кыргызстандын 28 жаштагы жараны зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Телеграмдагы «ВЧК-ОГПУ» каналынын булактарына таянуу менен АКИпресс жазды.
Маалыматка караганда жабырлануучу — 16 жаштагы Н.. Ал Орусиянын борборуна Воронежден келген. 7-декабрь күнү кечинде Белорусь вокзалынын жанында ага А. аттуу кыргызстандык жаран кайрылып, телефон чалып берүүнү суранган.
Андан кийин А. жашы жете элек балага гашиш сунуштап, арзан хостелде түнөп калууну сунуштаган, Н. макул болгон.
Жолдо баратып өспүрүм заара ушатуу үчүн четтегенде А. анын аркасынан барып, муунтуп, жерге жыгыткан.
«А. сексуалдык зомбулук көрсөтүп, өөп баштаган. Ошол учурда Н. кыргызстандыктын тилинин бир бөлүгүн тиштеп алган. А. аны сабап, эсин жоготкуча муунткан», — деп жазат «ВЧК-ОГПУ».
Н. бир аз убакыттан кийин эсине келип, шымы шыпырылганын, сабалганын жана рюкзагы жок экенин көргөн. Өспүрүм милицияга кайрылган.
Ал эми кыргызстандык атасына барып, атасы тез жардам чакырган.
Сурак учурунда А. жашы жете элек бала менен жыныстык катнашта болгонун тастыктаган, бирок ал баары макулдашуу боюнча болгонун билдиргени айтылууда.