Мырзабек Жыпаркулов Ысык-Көлдө курулуш иштери башталып, бирок жылдарга созулуп жаткан жайлар боюнча жыйын курду

Бүгүн, 12-июнда Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов Ысык-Көл областынын Каракол шаарында, Түп жана Ак-Суу райондорунда курулуш иштери башталып, бирок жылдарга созулуп жаткан жагдайлар боюнча тиешелүү тармактыктын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөн жыйынга катышты.

Белгилей кетсек, жыйынга Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобунун лидери  Акылбек Түмөнбаев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  өкүлдөрү катышты. 

Жыйындын соңунда жылдарга созулган курулуштарды иликтөө боюнча жергиликтүү бийлик аркылуу  комиссия түзүп,  анын себептерин аныктоо менен курулуштарды тездетүүнү тапшырмасы берилди.

12 Июнь 2023 жыл 18:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча