Нарында курулуп жаткан мектептердин экөөсү жаңы окуу жылында балдар үчүн эшигин ачса, дагы 6 мектеп жыл аягына чейин толук бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.
«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жыл аягына чейин Республика боюнча 100 мектеп бүткөрүлүп, колдонууга берилет»,- дейт Жыпаркулов.