Нарындагы галереянын имараты мамлекетке кайтарылды

Нарындагы галереянын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМК тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын алкагында 2000-жылы Нарын шаардык китепканасынын 1350 м2 жер тилкеси бар имараты С.А.М. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгенин, кийин ал жерге көркөм сүрөт галереясынын имараты курулганын аныктаган.

Мындан улам, тиешелүү иш-чаралардан кийин, С.А.М. аттуу жаран аталган объектини өз ыктыяры менен «Какен Мамбеталиев» атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейинин балансына өткөрүп берди.

27 Октябрь 2025 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча