Ниязалиеванын шайлоо штабынын эки кызматкери камалды

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабынын эки кызматкери (У. Р. жана А. А.) кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» боюнча кылмыш иши козголуп тергөө уланууда.

ШИИБден шектүүлөр тергөө менен кызматташып жатканын белгилешти.

30 Май 2023 жыл 21:22

Тема боюнча