Ноябрда 4 күн катары менен эс алуу күндөрү болот

Өлкөдө 7 жана 8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү иш күн эмес болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Жогорудагы даталар бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендиктен кыргызстандыктар 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алышат. Эскерте кетсек, эс алуу күндөрү окуучулардын күзгү каникулуна жарым-жартылай дал келет.

Буга чейин Эмгек министрлиги айрым эс алуу күндөрүн иш күндөрү кылууну сунуштап, Министрлер кабинети демилгени жактырган.

Эске салсак, 2017-жылдын 26-октябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн 7-8-ноябрда белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.

10 Октябрь 2024 жыл 9:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча