Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Денис Петрашов старт алды. Ал бүгүн, 27-июлда 100 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке катышкан.
Бул аралыкка жалпысынан 36 спортчу катышып, алар алдын ала этапта 5 бөлүккө бөлүнгөн.
Денис Петрашов бул аралыкты 1 мүнөт 0,42 секунд көрсөткүч менен сүзүп келди.
Бул жыйынтыкта ал 23-орунду ээлегени менен жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок.
30-июлда Денис Петрашов 200 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке чыгат.