Кыргызстандык спортчу Үзүр Жузупбеков Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль тагынды.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жалпысынан 16 спортчу катышкан.
Кыргызстандык 1/8 финалдан баштап, анда Латвиянын балбаны менен беттешип, бирок 1/4 финалда ирандык спортчуга утулуп калган.
7-августта коло медаль үчүн жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында Джузупбеков АКШнын өкүлүн жеңип, финалдык 3-орун үчүн ат салышууга укук алган.
Кыргызстандыктын атаандашы египеттик Мохамед Габр болду. Беттеш кыргызстандыктын пайдасына аяктап, коло медаль тагынды.