Оор атлетчи Расулбеков Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээледи

Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Ал 9-февралда 102 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Расулбеков 386 кг (173 кг жулкуп көтөрүү, 213 кг) жалпы жыйынтык көрсөтүп, күмүш байгеге ээ болду. Өзбекстандык спортчу 400 кг салмакта жыйынтык көрсөтүп, Азия чемпиону болду.

Буга чейин Кыргызстандын спортчулары 3 коло медалга ээ болушкан, анын жеңүүчүлөрү Татьяна Мельниченко, Эмил Молдодосов жана Нурсултан Тарасов болгон.

10 Февраль 2024 жыл 8:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча