Орус драма театрын оңдоо иштери убактылуу токтотулат. Себеби

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында оңдоо иштери убактылуу токтотулат, деп билдиришти театрдан.

Маалыматта иштер Кыргызстанда 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Бишкекте өтө турган Россиянын маданият күндөрүнө байланыштуу токтотулганы белгиленген.

Театрдын сахнасында Никита Михалковдун «Мастерская 12» студиясынын коюлуштары болгон «12» жана «Жоголгон убакыт жөнүндө жомок» спектаклдери көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө жандуу театр жана искусство атмосферасын тартуулайт.

Театрдан 91-театр сезонунун расмий ачылышы ноябрь айынын аягына пландалганын кошумчалашты.

29 Октябрь 2025 жыл 17:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча