Ош базарындагы аялдаманы көзөмөлдөгөн келин сыйланды

Буга чейин Бишкек мэриясы маалымат таратып, «Ош базардагы» аялдамаларда коомдук транспорттун туура токтоосу, жүргүнчүлөрдүн тартипти сактап туруусу көзөмөлдөнө баштаганын билдирген.

Алар жарыялаган видеодон жашыл жилетчен келин туш келди токтогон автобус, маршрутка, унааларды иретке келтирип, аялдаманы көзөмөлдөп жаткан учуру көпчүлүктүн алкышына татыган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Ош базарынын» айланасын иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрүп, аялдамада унааларды, жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөөчү инспектор Светлана Тургунбаевага жолуккан.

Ошондой эле, майрам алдында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин көзөмөлдөөчү инспектору Светлана Сагынбековага ак ниет эмгеги үчүн Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациянын Ардак грамотасы тапшырылды.

10 Март 2025 жыл 1:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча