Ош пансионатынын мурдагы директору журналист Исаковго кол көтөрдү

Журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн фейсбук баракчасына видео жүктөп, анда: «“Ош” пансионатынын мурунку директору өзүнө менчиктештирип алган мүлктөр тууралуу сьемка. Мүлктүн күйүтү катуу болот экен…» деген түшүндүрмө жазган.

Тасмада Ыдырыс Исаковдун күбөлүгүн көрсөтүүнү талап кылган жаран, ага кол көтөргөнүн көрүүгө болот.

ИИМ маалымат кызматы, бул факты Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталганын, тергөө кызматы тарабынан териштирилип, юридикалык баа берилээрин билдирди.

12 Июнь 2023 жыл 14:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча