Кечээ, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин – айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоо саат 20:00дө жыйынтыкталды.
БШКнын сайтында жарыяланган алдын ала маалымат боюнча, Ош шаардык кеңешине ат салышкан 5 партия тең босого пайыздан өттү.
Шайлоочулардын 1,31 пайызы баарына каршы добуш берген. Эми добуштар колго саналат.
