Ош шаарында жаңы унаа тетиктер базары ишке кирди

Ош шаарында жаңыдан курулган унаа тетиктер базары пайдаланууга берилди.

Мэриядан билдиришкендей, жаңы базар Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашып, анда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Анын жанында унаа базары да жайгашкан.

Иш-чарада мэрдин орун басары бул аймак жакынкы аралыкта өзүнчө чоң борборго айланарын белгиледи.

Анткени азыркы тапта аталган аймакта тейлөө борбору жана унаа каражаттарын каттоо мекемесинин курулушу башталды.

9 Октябрь 2026 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча