Ошто өрттөн жабыркаган көп кабаттуу үйдө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ош шаарындагы «Эмаком» курулуш компаниясы курган көп кабаттуу үйдүн өрт кырсыгы катталган бөлүгүндө ремонт иштери башталды. Учурда күйгөн жерлер тазаланып, чатырды жабуу иштери аяктоо алдында турат.
Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев объектке барып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. Ал кышкы суукка калбай, оңдоо иштерин ыкчам бүтүрүү тапшырмасын берди.
Эске салсак, өткөн айда аталган көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн 6 батир жабыркаган. президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, өрттүн кесепеттерин жоюу жана батирлерди калыбына келтирүү иштерин Ош шаарынын мэриясы жүргүзүүдө.