Оштогу «Жапалак» унаа базарынын бир бөлүгү 14-июнда ачылат 

Ош шаарындагы “Жапалак” унаа базарынын бир бөлүгүн 14-июнда ачуу пландалууда.

Учурда автобазарда унаа базардын ички аймагын асфальттоого даярдоо, коомдук тамактануу жайларын, дааратканалар менен административдик имараттарды куруу иштери жүрүп жатат.

Базардын айланасы атайын тосмо менен тосулуп, кире беришинде автоматтык төлөм системасы орнотулган.

3 Июнь 2025 жыл 10:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча